БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Америкалык белгилүү актриса Натали Портман иш учурунда ага асылгандар көп болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги New Musical Express журналына таянуу менен жазып чыкты.
"Кудайга шүгүр, мени эч ким зордуктаган эмес. Бирок кандай гана ишти кылбайын асылгандар болчу", — деди актриса.
Ал продюсерлердин бири учурунда жеке учак менен учуп келүүнү сунуштаганын айтып берген. Учакка келгенде алардан башка киши жок экенин жана анын ичинде эки кишилик төшөнчү болгонун көргөн. Портман ага продюсер ачык асылбаганын, бирок андан аябай коркконун журналга баяндаган.
"Менде мындай окуялар толтура", — деген Портман.
Акыркы учурда шоу-бизнес жана киноиндустрия жаатында эмгектен атактуулар аларды жаш кезинде зордуктап же ага мажбурлаган учурлар болгонун байма-бай айтышууда.