Окумуштуулар 2018-жылы жер титирөөлөр көп болорун эскертишти

© REUTERS / HENRY ROMEROЖер титирөөдөн жабыркаган үйлөр. Архив
Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, келе жаткан жылда дүйнө жүзү боюнча магнитудасы жети баллдан ашкан 20дай жер титирөө болот

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар 2018-жылы катуу жер титирөөлөр коркунучу бар экенин айтты. Бул тууралуу The Guardian басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Окумуштуулар сейсмикалык активдүүлүктү жердин айлануу ылдамдыгынын азайышына байланыштуу деп божомолдоп жатышат.

"Колорадо жана Монтана университеттеринин илимий кызматкерлери XX кылымдагы жер силкинүүлөрдү изилдеп көргөндөн кийин ушундай чечимге келишти. Көрсө, өткөн кылымда дагы жердин айлануу ылдамдыгы басаңдаганда жер титирөөлөр эки эсе көбөйгөн экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистердин айтымында, келе жаткан жылда дүйнө жүзү боюнча магнитудасы жети баллдан ашкан 20дай жер титирөө болот. Көбүнчө кырсыктар эл жыш жайгашкан тропикалык региондорго туура келери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0