БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Сауд Аравияда "Ислам мамлекети" террордук тобун колдоп, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн жок кылууну пландаган деген киши 20 жылга кесилди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Gulf News басылмасына таянуу менен билдирди.
Соттолгон кишинин телефонунан анын курал издегенин жана терроризмди колдогонун тастыктаган далилдер табылган.
Маалыматка ылайык, соттолгон жаран жаза мөөнөтү аяктагандан кийин да 20 жыл бою мамлекеттен чыга албайт.