Коңуруктун балага кандай коркунучу бар экени аныкталды

© AFP / ORLANDO SIERRAУктап жаткан ымыркай. Архив
Уктап жаткан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңурук тарткан жаш балдардын кыялы чатагыраак болуп, толуп кетишет

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Гарвард университетинин Beth Israel Deaconess Medical Center медициналык борборунун адистери жаш балдардын коңуругу менен семирүүнүн кандай байланышы бар экенин иликтеп чыгышты. Бул тууралуу RealClearScience порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Макалада жазылгандай, коңурук адам уктап жатканда дем алуу органдарынын ишинде кандайдыр бир кемчилик пайда болгондо башталат. Ал эми бул нерсе адамдын семиришине, кант диабетине кабылышына жана жүрөк ооруларына алып келет.

"Окумуштуулар 1100 баланы төрөлгөндөн тарта өспүрүм болгонго чейин изилдеп көрүп, ашыкча салмак менен коңурук дайыма бирге жүрөрүн аныкташты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле изилдөөчүлөр коңурук тарткан балдардын өспүрүм кезде кыялы чатагыраак болорун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0