Кытайда хирургдар тарыхта биринчи жолу адамдын башын башка денеге которушту

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүОперация в клинике урологии
Операция в клинике урологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операция 18 саатка созулуп, адистер нерв, кан тамыр жана омурткаларды бириктире алышкан.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кытайлык дарыгерлер адам башын башка денеге которуу боюнча ийгиликтүү операция жасады. Бул тууралуу РИА Новости италиялык хирург Серджио Канаверого шилтеме жасап жазып чыкты.

Анын айтымында, эми дарыгерлер мээни башка адамга которуу аракеттерин көрөт.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Ошто өспүрүм кыз 1,5 кг чачты кандайча жеп алган? Хирургдун түшүндүрмөсү
Анда операция 18 саатка созулуп, адистер нерв, кан тамыр жана омурткаларды бириктире алышкан. Мындай ишти кытайлык дарыгерлер колдогону үчүн операция ошол жакта жасалган.

Канаверо 2015-жылы жаңы долбоорду ишке ашырган. Анын алкагында ыктыярдуу адамдын жардамы менен башты башка денеге которуу пландалган. Мындай шартка биринчилерден болуп россиялык программист Валерий Спиридонов макул болгон.

Ал операциядан кийин пикир билдирди.

"Канаверо эксперимент менен алек болуп жатканда, мен өз келечегим жана ден соолугума кам көрүүдөмүн. Бардык ишеничти дарыгерлерге коюп жаткан жокмун. Бирок аларды ар тараптан колдоп жатам. Анткени бул технология өнүгүп, трансплантологиянын уландысы болуусу керек", — деди Спиридонов.

Ал ошондой эле атайын операциялар аркылуу хирургдар ачылыш жасап, анын үстүндө изилдөөлөрдү улантып жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0