Трамп менен Меланьянын үлпөт тоюндагы торттун бөлүгү аукционго коюлду

© REUTERS / Lucy NicholsonИнаугурация президента США в Вашингтоне
Инаугурация президента  США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукцион үйүнүн маалыматында Трамптын үлпөт тоюндагы торттун өзү 50 миң доллар турган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен жубайы Меланьянын үлпөт тоюндагы торттун бир бөлүгү Лос-Анжелестеги аукционго коюлду. Бул тууралуу РИА Новости Julien's Auctions аукцион үйүнө таянып кабарлады.

АКШнын президенти Дональд Трамп биринчи айым Мелания менен - Sputnik Кыргызстан
Бул Мелания эмес! Трамп жубайын алмаштырып койгонбу?
Шоколад торту картондон жасалган таңгакка салынып, АКШ президенти менен жубайынын элеси тартылган.

Алгач ал коноктор алып кетиши үчүн сувенир катары жасалган. Торттун бөлүгү миң-эки миң долларга бааланууда. Аукцион үйүнүн маалыматында Трамптын үлпөт тоюндагы торттун өзү 50 миң доллар турган.

Буга чейин Трамптын маркер менен тартылган Empire State building мунарасынын сүрөтүн аукциондо 16 миң долларга сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0