Forbes журналы эң көп акча тапкан жаш атактуулардын атын атады

© AFP / ROBYN BECK Америкалык ырчы Тейлор Свифт. Архив
Америкалык ырчы Тейлор Свифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Forbes журналынын маалыматына ылайык, эң таанымал 30 жаштагы атактуунун бир жылдык кирешеси 1,24 миллиард долларды түзөт

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түбү Эфиопиядан болгон канадалык ырчы The Weeknd (Эйбел Тесфайе) эң көп акча тапкан жаш ырчылардын көч башында экенин РИА Новости агенттиги Forbes журналына таянуу менен билдирди.

Ал жыл башынан бери концерт берип отуруп 92 миллион доллар тапкан. Андан сырткары, ырчы Starboy: Legend of the Fall концерттик турдун ар биринен миллион доллардан ашык пайда көргөн.

Курс валют доллара в Токио - Sputnik Кыргызстан
Баасы асман чапчыган бренддер аныкталып, 184 млрд. долларлык компания биринчи болду
Экинчи орунда 23 жаштагы Жастин Бибер турат, ал 83,5 миллион доллар киреше тапкан. Басылманын маалыматына ылайык, 2010-жылы ырчы 18 жашында Forbes журналынын биринчи бетине чыккан.

Үчүнчү орунду британиялык ырчы Адель камсыздады. Ал өз альбомдорун сатуудан, концерт берүүдөн 69 миллион доллар тапкан. 29 жаштагы ырчынын былтыр, 2016-жылы чыгарган "25" аттуу ырлар жыйнагы эң көп сатылган альбом катары таанылган. Ырчы 1,73 миллион экземпляр альбом саткан.

Андан сырткары, эң алдыңкы ондукка АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясы менен футбол лигасынын оюнчулары, 27 жаштагы ырчы Тейлор Свифт жана 20 жаштагы модель Кайли Женнер кирген.

Forbes журналынын маалыматына ылайык, эң таанымал 30 атактуунун бир жылдык кирешеси 1,24 миллиард долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0