Окумуштуулар карылыктын алдын алчу ыкма табышты

Жазылуу
Генетикалык анализ учурунда окумуштуулар SERPINE1 аттуу эки генди табышкан

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Япониянын, АКШнын жана Канаданын окумуштуулар тобу узак жашоонун жана карылыктын алдын алуучу сейрек кездешкен генетикалык мутацияны чечмелешти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Science Advances журналына чыккан материалга таянуу менен билдирди.

Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кофе инфаркт дартынын алдын алабы? Окумуштуулардын иликтөөсү
Генетикалык анализ учурунда окумуштуулар SERPINE1 аттуу эки генди табышкан. Бул ген тамырлардагы уюп калган кан бүртүкчөлөрүн жок кылып, адамдын узак жашашын шарттайт. Андан сырткары, каруу процессин жайлатып, кан айланууну жакшыртат.

Бул ген мутациясы кандын курамындагы PAI-1 белогун азайтуучу атайын дарыларды жасоого шарт түзүшү ыктымал. Окумуштуулардын айтымында, бул кадам карылыкка каршы күрөшүү боюнча жаңы кадамдардын башатына жол ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0