04:39 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Турции Р. Эрдоганом

Путин: Россия менен Түркиянын мамилеси мурдагы калыбына келди

© Sputnik / Алексей Никольский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
89 0 0

Жолугушуу Сочи шаарында өткөн

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Москва менен Анкаранын мамилеси толук түрдө калыбына келди деп айтууга болорун Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукканда билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Жолугушуу Сочи шаарында өткөн.

Путин 8-9 айдын ичинде эки мамлекеттин ортосундагы товар айлануунун көлөмү 2016-жылга караганда 30 пайызга көбөйгөнүн айтты. Россия президенти ошондой эле Түркия менен бардык багыт боюнча иштер жүрүп жатканын, анын ичинде Сирия кризисин жөнгө салуу дагы бар экенин кошумчалады.

Ал эми Түркия лидери аймактык маселелерди чечүүдө эки тараптуу кызматташууга көңүл бурду. Эрдоган өз сөзүндө Москва менен Анкаранын саясий, аскерий, соода жаатындагы мамилеси күн санап өсүп жатканын кошумчалаган.

Түркиялык басылмалардын жазышынча эки президенттин жолугуушусу 2 саат 10 мүнөткө созулган.

Түркия менен Россиянын мамилеси 2015-жылы Түркиянын аскер учагы Россиянын Су-24 учагын Сириядан атып түшүргөндөн кийин бузулган. Бул окуядан кийин Москва Анкарага карата бир катар санкцияларды киргизген болчу.

2016-жылы Эрдоган жагымсыз окуя боюнча кечирим сураган. Андан кийин Россия чектөөлөрдү алып, эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыштар калыбына келе баштаган.

Тема боюнча

Трамп Путин менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн Twitter баракчасына жазды
Путин менен Трамп ара чолодо Сирия маселесин сүйлөшүштү
Белгилер:
Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Түркия, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ