Польшада чиркөө кызматкери элдин каарынан улам Porsche унаасын сатты

© AP Photo / Thomas KienzlePorsche автоунаасы. Архив
Porsche автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиркөөгө келген жарандар дин кызматкеринин кымбат баалуу унаа айдап жүргөнүнө жиндери кашайган

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Польшалык дин кызматкери Веслав Мцяшека элдин каарынан улам 110 миң долларлык Porsche унаасын сатты. Бул тууралуу The Associated Press басылмасына таянып РИА Новости жазды. 

"Кызматкердин кымбат унаасы элди эки жаат кылган. Кээ бири аны колдосо, экинчи тарап аны чиркөөдөн кууш керек деп айтышкан. Мындан улам чиркөө кызматкери баасы асман чапчыган унаасын сатып, элден кечирим суроого аргасыз болгон",— деп жазылат маалыматта.

Мцяшека түшкөн каражатты бей-бечараларга таратып бере турганын убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0