Сауд Аравияда биринчи жолу аялдар арасында баскетбол таймашы өттү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАялдар баскетболу. Архив
Аялдар баскетболу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жидда шаарында өткөн мелдешке жалгыз гана аялдардан турган көрүүчүлөр келди

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Сауд Аравияда алгачкы жолу кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Түркия агенттиги жазды.

"Жидда Юнайтед" баскетбол клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Лина Эль Мана жергиликтүү маалымат каражаттарына турнир аялдардын спортко болгон сүйүүсүн көрсөткөндүгүн айтты.

​"Бул турнир келечекте кыз-келиндердин спорттун башка түрлөрүнө да болгон кызыгуусун арттырат деген үмүттөбүз", — деди Лина Эль Мана.

Турнирден түшкөн каражаттын эмчек рагынын алдын алуу жана жайылуусун азайтууга арналган иш-чараларга колдонулары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0