04:40 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Төшөктө отурган кыз. Архив

Окумуштуулар төшөк мамилеси жүрөккө кандай таасир берерин айтышты

© AFP / Behrouz MEHRI
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
3139 0 0

Акыркы убакта интернет айдыңына жана ЖМКларга жүрөк оорулуулар жыныстык катнаш учурунда жүрөккө же кан тамырларга күч келтирсе өлүп калышы ыктымал деген маалыматтар тарап кеткен.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Төшөк кумарына батуу жүрөктүн токтоп калуусуна алып келбейт. Бул тууралуу окумуштуулар Анахаймада өтүп жаткан америкалык кардиологдор коомунун конференциясында билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

"Жүрөк кармап калган кезде адамдар көбүнчө каза болот. Бирок мындай учур төшөк кумарына батып жаткан мезгилде өтө сейрек катталат. Бул илдет менен жабыркаган адамдар жыныстык катнашка баргандан кооптонбой деле койсо болот, анткени ал өлүмдүн башкы себеби эмес ", — деди Лос-Анжелестеги жүрөк изилдөө институтунун окумуштуусу Самит Чу.

Акыркы убакта интернет айдыңында жана ЖМКларда жүрөк оорулуулар жыныстык катнаш учурунда жүрөккө же кан тамырларга күч келтирсе өлүп калышы ыктымал деген маалыматтар чыгып кеткен.

Мындан улам окумуштуулар атайын изилдөө жасап, беш жылга чейин миллиондогон адамга байкоо жүргүзүшкөн. Бул аралыкта 4,5 миң адам кокустан жүрөгү кармап каза болгон. Бирок анын көбү төшөк кумарына баткан учурда эмес, башка себептерден улам көз жумган.

Тема боюнча

Окумуштуулар адамга төшөк мамилесинен артык рахат тартуулаган ыкманы аташты
Окумуштуулар эркектер да төрөй алаарын айтышты
Белгилер:
секс, Окумуштуулар, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ