20:36 16 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
413 0 0

АКШ президенти Россиянын лидери менен Сирия боюнча жакшы пикир алышканын билдирди

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вьетнамда өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) саммитинин алкагында Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу айтканын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Трамп өзүнүн Twitter баракчасына Путин менен Сирия боюнча жакшы пикир алышканын билдирди.

"Түндүк Кореянын айланасында болуп жаткан кризисти чечүүгө Путин менен Кытай жардамдашат деп үмүттөнөм. Алдыга жылыш бар. Качандыр бир кезде акылы жоктор менен көрөлбастар Россия менен болгон жакшы мамиле бул артыкчылык экенин жакшы түшүнүшөт. Мен Түндүк Кореядагы, Сириядагы, Украинадагы кризисти чечип, терроризм маселесин жөнгө салгым келет. Ага Россия эбегейсиз салым кошо алат!" — деп жазды Трамп.

Ал буга чейин Сирия боюнча АКШ менен Россиянын сүйлөшүүсү көптөгөн кишилерди куткарууга жардам берерин айткан. Андан сырткары, ал АТЭК саммитинин алкагында Путин менен эки-үч ирет жолукканын айтып, тараптар жылуу маанайда калганын белгилеген.

Тема боюнча

Путин менен Трамп ара чолодо Сирия маселесин сүйлөшүштү
Белгилер:
Сирия, Дональд Трамп, Владимир Путин, саммит

ЭҢ МААНИЛҮҮ