Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

"Ислам мамлекети" швед радиосунда өзүн "жарнамалады"

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүРадиостудия. Архив
Радиостудия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Радио жыштыгын каракчылык жол менен ээлеп алган террордук уюм жарым саат боюнча англис тилиндеги пропагандалык ырларды койгон

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Швециядагы "Микс Мегаполь" радиосунун жыштыгын ээлеп, угармандарды өз катарына өтүүгө чакырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып Sputnik Түркия агенттиги жазды. 

Билдирүүгө ылайык, угармандарды террордук уюмдун катарына кошулууга чакырган бир ыр 10 жолу коюлган.

Радиого ээлик кылган Bauer Media холдинги окуя боюнча полицияга жана телекоммуникация агенттигине маалымат берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0