БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Лондон полициясы эки жыл ичинде 358 жаныбарды өлтүргөн жаранды издеп жатканын Sputnik Түркия агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 2015-жылы сегиз, 2016-жылы 114, ал эми үстүбүздөгү жылда 246 жаныбар бирдей ыкма менен өлтүрүлгөн. Алардын көбү мышыктар.
"Полиция Лондондо 2015-жылдын сентябрынан бери жаныбарларды өлтүрүп жүргөн жаран кийинчерээк аялдарга кол салышы мүмкүн деп кооптонууда",— деп жазылат кабарда.
Полиция кызматкерлеринин айтымында, жаныбарларга кол салган адам кылган ишинен рахат алганын байкоого болот.