АКШда өз энесине үйлөнүп алган кыз 10 жылга соттолду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСот залындагы айыпталуучу. Архив
Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таенесинин колунда өскөн Мисти 2014-жылы апасына жолугуп, эки жылдан кийин экөө үйлөнүп алышкан

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШнын Оклахома штатынын 26 жаштагы тургуну Мисти Спэнн өзүнүн апасына үйлөнгөндүгү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Tulsa World гезитине таянып РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, анын 44 жаштагы апасы Патришия Спэннге дагы айып тагылган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

​"Патришия Спэнн энелик укугунан ажыратылгандан киийн Мисти таенесинин колунда өскөн. Алар 2014-жылы кайрадан жолугушуп, эки жылдан кийин үйлөнүп алышкан", — деп жазылат кабарда.

Партишия Спэнн буга чейин да мындай жоруктарды кылып келген. Ал 2008-жылы өз уулуна турмушка чыккан. Бирок 15 айдан кийин алардын никеси жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0