Путин менен Трамп көшөгө артында болсо да жолугары айтылды

© REUTERS / Stevo VasiljevicБилборд с изображение президента США Дональда Трампа и главы РФ Владимира Путина. Архивное фото
Билборд с изображение президента США Дональда Трампа и главы РФ Владимира Путина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекет башчысы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитине катышат

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Вьетнамда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) жыйынынын алкагында АКШ менен Россиянын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путин расмий түрдө жолукпайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Блумберг басылмасына таянуу менен билдирди.

Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерстин айтымында, Трамптын иш графигинин жыш болгонуна байланыштуу жолугушуу уюштурууга мүмкүн болгон эмес.

Бирок Кремль бул кабарды ырастаган жок. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, макулдашуу жүрүп жатат, бирок так бир жыйынтык азырынча чыга элек.

Президент РФ В. Путин принимает участие в саммите Группы двадцати в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Путин Трамп менен болгон мамилеси кандай экенин айтты
Москва менен Вашингтон эки президент 10-11-ноябрда Вьетнемда өтчү Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) саммитинин алкагында жолугуп калышы мүмкүндүгүн божомолдогон. Путин ушул тапта Вьетнамга учуп келди. Ал Япониянын премьер-министри, Кытай, Вьетнам жана Филиппиндин лидерлери менен жолугат.

Трамп өзү Россиянын башчысы менен жолугууга үмүт артарын жана ал маанилүү сүйлөшүү болорун айткан. Анын айтымында, Москва Пхеньянга басымды көбөйтүүгө жардамды күчөтө алышы мүмкүн.

Эки державанын башчылары акыркы жолу Германияда өткөн G20 саммитинде жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0