Москвадагы кыргыздар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүПисатель Чингиз Айтматов
Писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада залкар жазуучунун чыгармаларынын монологдору окулган

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чараларды уюштуруу иштери башталды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москвадагы улуттар үйүндө адабий-поэтикалык кече өткөрүлгөн.

"КРдин эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева, Россиянын бир нече тасмаларына катышып жүргөн Жаңыл Асанбекова, Москва мамлекеттик университетинин студенттери жана чыгармачыл мекендештерибиз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларды аткарышты", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Россия мигранттар федерациясы, эл аралык ишкерлер ассоциациясы, кыргыз диаспарасы жана демилгелүү жаштар уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0