Россияда айланма жолдор аркылуу унаа айдоонун эрежелери өзгөрдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАйланма жол. Архив
Айланма жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак РФ өкмөт башчысы Дмитрий Медведев айланма жолдор боюнча эрежелерге өзгөртүү киргизүү боюнча токтомго кол койгону айтылган

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 8-ноябрдан тарта Россияда айланма жолдор аркылуу жүрүү эрежелери өзгөргөндүгүн Мамлекеттик автоинспекциясына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Жол эрежелерине киргизилген жаңы талаптарга ылайык, айланма жолго өтөйүн деп жаткан айдоочу "шакектин" ичинде кетип бараткандарга жол бошотуп берүүсү керек.

"Айланма жолдо кетип баратканда анда турган жол чырактарга жана белгилерге баш ийүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдараак РФ өкмөт башчысы Дмитрий Медведев айланма жолдор боюнча эрежелерге өзгөртүү киргизүү боюнча токтомго кол койгону айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0