Жакында жолугушчу Путин менен Трамптын эмне тууралуу сүйлөшө турганы айтылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в саммите "Группы двадцати" в Гамбурге
Президент РФ В. Путин принимает участие в саммите Группы двадцати в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча жолугушуу качан болору белгисиз

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп Корея жарым аралындагы кырдаал боюнча маектешет. Бул тууралуу РИА Новости Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябковго шилтеме берип жазды. 

"Эки лидердин жолугушуусу учурунда Корея жарым аралын ядердик жактан куралсыздандыруу темасы, жалпы эле ошол региондо түзүлгөн кырдаал боюнча талкуу жүрөт. Бирок президенттер качан жолуга турганы азырынча белгисиз", — деди Рябков.

Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Сергей Лавров Путин Трамп менен Вьетнамда 10-11-ноябрда өтө турган АТЭС саммитинин алкагында жолугарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0