БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Туристтерди өзүнө тарткан 2017-жылдын эң мыкты шаары катары Гонконг аталды. Бул тууралуу Euromonitor International изилдөө компаниясына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
Быйыл Гонконгго 25,7 миллион турист барган. Экинчи орунга Бангкок татыса (23,3 миллион турист), Лондон шаары 19,8 миллион туристти кабыл алып үчүнчү орунду ээледи.
Ал эми алдыңкы ондукка Сингапур, Макао, Дубай, Париж, Нью-Йорк, Шэньчжэнь жана Куала-Лумпур кирди.