Кызыл-тазыл айнек идиштер эмнеси менен зыян экенин окумуштуулар айтышты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАйнек идиштер. Архив
Айнек идиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андай сүрөттүү идиштерден ден соолукка бычак болгон уулуу заттар – кадмий менен коргошун табылган.

БИШКЕК, 8-ноя – Sputnik. Ар кыл гүлдөр жана кызыл-тазыл жакшынакай сүрөттөр түшүрүлгөн айнек идиштер ден соолукка абдан зыяндуу. Бул туурасында РИА Новости Science of the Total Environment журналына чыккан илимий макалага таянып жазды.

Андай сүрөттүү идиштерде ден соолукка бычак болгон уулуу заттар – кадмий менен коргошун бар экендиги айтылат.

"Стакан жана ага окшогон айнек идиштердин сыртынан, ал тургай ичинен деле жогорку аралашмадагы кадмий менен коргошунду тапканда абдан таң калдык. Кызыл-тазыл өңдөгү сүрөттөр түшүрүлгөн мындай идиштерди көпкө чейин колдонуу ден соолукка абдан катуу терс таасирин тийгизет. Андыктан, мындай айнек идиштерди чыгаргандар бул маселе боюнча тез арада ойлонуп, чечим кабыл алышы зарыл", — деген Плимута (Улуу Британия) университетиндеги окумуштуусу Эндрю Тернер.

Сууда коргошун, мышьяк сыяктуу оор элементтердин болушу өзгөчө мээ жана денеге оор залалын келтирет.

Болельщики Олимпиады 2014 в Олимпийском парке в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адам өлгөндөн соң эмнени сезерин айтып беришти
Тернер жана анын кесиптештери айнек идиштердин сыртына пайдаланылган боёктордун химиялык курамын иликтеп, алардын оор металлдардын булагы экендигин аныкташкан. Рентген спектрометр менен карап, Улуу Британияда сатылган бир топ идиштерди көздөн өткөрүшкөн.

Уулуу заттар боёктун түсүнө карата көп же азыраак экендигин аныкталган. Маселен, кызыл, сары кызыл, сары же жашыл өңдөрдө кадмий менен коргошун көп табылса, ак түстө азыраак болгон. Аталган эки элемент бул түстөгү боёктордо арбын болору айтылган.

Британиялык химиктер айнекте сүртүлгөн боёк акырындап, чекесинен түшө берерин, ал суу менен кишинин оозуна кирип же колуна жабышкан учуру абдан зыяндуу экенин айтышкан.

Окумуштуулар эгерде мындай идиштер болсо, ага кычкыл суусундуктарды куйбаш керектигин айтышкан. Себеби, уксус кислотасы же ага окшош оокаттар сүрөттөн коргошун менен кадмийдин тез жуулушун шарттай турганын эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0