Англияда күчүк тогуз койду ээсинин ашканасына кубалап кирди. Видео

Жазылуу
Күчүктөн "корккон" койлор кожоюндарынын үйүн булгап кеткен.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Англия аймагынын жашоочусу Девон Розэлин Эдвардс үйүнөн күчүгү кубалап киргизген тогуз койду байкап калган. Бул тууралуу РИА Новости The Telegraph басылмасына таянып жазды.

Маалыматка ылайык аял ашканада жумуш жасап жатып, "кызыктуудай үндөрдү" угуп калган. Кайрылып артын караса койлор жана Рокки деген күчүгү турган.

"Балам менен жолдошум талаага кетип, койлор турган жай ачык калган. Рокки аларды короодон үйгө чейин кууп келиптир ", — деди ал.

Баласы тарткан видеодон Розэлин жана анын жолдошу малды үйдөн чыгарууга аракет кылып жатканын угууга болот. Жыйынтыгында койлор үйдүн ичин айланып отуруп алдыңкы эшиктен чыгышкан.

"Мен бир чети муну кызык иш катары көрдүм. Бирок койлор үйгө чычып-сийип, кирдетип кетишти. Аны тазалоого да бир топ убакыт кетти", — деди Розэлин.

Жети айлык күчүктү кожоюндары кой кайтарууга үйрөтүп жатышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0