Индияда дүйнө жүзүндөгү эң бийик автожол курулду

© AFP / PHILIPPE MERLEЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын жалпы узундугу 86 чакырымды түзөт

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Индияда түндүк тарабына деңиз деңгээлинен дээрлик 6 миң метр бийиктеги автожол курулганын NDTV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол Жамма штатындагы Чисумле жана Демчок калктуу конуштарын Кашмир менен бириктирет. Жолдун жалпы узундугу 86 чакырымды түзөт. Анын эң бийик жери деңиз деңгээлинен 5 882 метрди түзөт.

Автожол Кытай менен чектешкен аймакка жакын жайгашкан жана анын стратегиялык мааниси бар.

Буга чейин Индиянын Финансы министрлиги жакынкы беш жыл аралыгында өкмөт 84 миң чакырым жол курууну пландап жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0