Канада келерки үч жылда мигранттардын санын көбөйтөт

© AFP / Geoff RobinsМиграционный процесс в Канаде
Миграционный процесс в Канаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канада кабыл алган бозгундардын саны 340 миңге жетери айтылган

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Канада бийлиги келерки үч жыл ичинде 300 миңден ашуун мигранттарды кабыл алат. Бул туурасында РИА Новости канадалык CBC корпорациясына шилтеме кылып кабарлады.

Канада өкмөтүнүн пландарына караганда, 2018-жылы 310 миң мигрантты, 2019-жылы 330 миң качкынды, ал эми 2020-жылы андан 10 миңге көп адам кабыл алмакчы. Ошентип үч жылдын кийин кабыл алынган бозгундардын саны 340 миңге жетери айтылды.

"Биздин өкмөт сырттан келгендер коомдо маанилүү роль ойнойт деген ишенимде", — деп айткан Канаданын миграция министри Ахмед Хуссейн.

Анын айтымында, 2020-жылы кайрадан келген мигранттар Канада жарандарынын 1 пайызын түзгөн. Бул өлкө элинин калкын "жашартууга" жардам берери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0