АКШ президенти Нью-Йоркто теракт жасаган кишини өлүм жазасына тартууну сунуштады

© AFP / Brendan SMIALOWSKIАКШ президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШ президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын жараны жүк ташуучу чакан автоунаа менен көчөдө кетип бараткан кишилерди сүзгөн. Бул аракетти АКШ бийлиги теракт катары сыпаттаган

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто теракт жасады деп айыпталып жаткан киши өлүм жазасына тартылуусу керектигин айтканын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Нью-Йорктогу террорчу ооруканадагы палатасына "Ислам мамлекети" террордук тобунун желегин илип койгула деген. Ал сегиз кишини өлтүрүп, 12 кишини оор жарадар кылды. Аны өлүм жазасына тартуу керек", — деп Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Статуя Свободы в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Трамп грин-карт лотереясын токтотууга кам урду
Эске салсак, шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу Өзбекстандын жараны экени, АКШга 2010-жылы келгени айтылууда. Шектүү киши полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада.

Жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс О'Нилдин айтымында, шектүү жаран пейнтболдун тапанчасын алып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0