Жумушчу унаа жууган щеткага оролуп айласы алты кетти. Видео

Жазылуу
Бразилиядагы унаа жуучу жайлардын биринде жумушчу баланын унаа жууган щеткага жабышып калган видеосу интернет айдыңына тарады.

Видеодон щеткага жармашып калган жумушчуну он мүнөттөй айландырып жибергенден кийин жабдуунун токтотулганын көрүүгө болот. Ал унаа жууган щетканын жанына жакын келгенде колундагы шланг аны щеткага ороп салган. Бул ирмем имараттагы видеобайкоого тартылып калган. Мындан жумушчу катуу жаракат албаганы айтылат. Интернетке жайылган видеону 13 миллион адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0