Трамп грин-карт лотереясын токтотууга кам урду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСтатуя Свободы в Нью-Йорке.
Статуя Свободы в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ лидери Трамп грин-карт программасынан Американын эртерээк арылуусу керектигин айтты

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген грин-картты токтотуу үчүн конгрессчилер менен сүйлөшөрүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Бүгүнтөн тарта грин картты токтотуу процессин баштайм… Муну мурдатан бери эле жасайын деп жүргөн элем, эми конгресстен ушул багытта иштөөсүн суранабыз. Бул программа-лотереядан эртерээк арылышыбыз керек", — деди Трамп Ак үйдө журналисттерге.

Наезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Нью-Йорктогу терактыдан КР жарандары жабыркаган жок
Буга чейин Америка лидери Нью-Йорктогу терактыны жасаган Сейфулло Саипов АКШга Өзбекстандан 2010-жылы грин-карт менен келгендигин айткан. Бул программаны АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын жүргүзүп келет.

Трамп АКШдагы терактыга шектелип жаткан киши жардыруу жасаш үчүн АКШга башкаларды да алып киргендигин айтып, алардын саны 23кө жетиши мүмкүн деген.

Америкага туруктуу жашоо үчүн келгендер өзү менен кошо туугандарын алып келерин боолгологон.

"Чынжыр сымал кеткен иммиграциядан арылышыбыз керек", — деди Трамп.

Президент РФ В. Путин принимает участие в саммите Группы двадцати в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Путин Трамп менен болгон мамилеси кандай экенин айтты
Шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада.

Жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс О'Нилдин айтымында, шектүү жаран пейнтболдун тапанчасын алып жүргөн.

Diversity Visa программасы 1990-жылдан бери иштеп, жыл сайын 50 миңге чукул иммигранттарды кабыл алат. Виза алуу үчүн кайсы бир деңгээлде билими жана "мамлекеттин мойнунда" отурбай тургандыгын далилдеши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0