ТИМ: Нью-Йорктогу терактыдан КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / Brendan McDermidНаезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке
Наезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Нью-Йоркто терактыдан каза болгондор менен жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат агенттиги билдирди.

Наезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йорктогу терактыны Өзбекстандан келген жаран жасаганы айтылууда
Эске салсак, шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу Өзбекстандын жараны экени, АКШга 2010-жылы келгени айтылууда. Шектүү киши полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада.

Жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс О'Нилдин айтымында, шектүү жаран пейнтболдун тапанчасын алып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0