БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Оозду дуулдатып, көздөн жаш куюлткан ачуу калемпир жана ага окшогон башка татымалдар арыктатып эле тим болбостон, ден соолукка да пайдалуу болуп чыкты. Бул туурасында РИА Новости Hypertension журналына таянып жазды.
Анда жогоруда саналган азыктар тузду жакшы көргөндөрдүн табитин тарттырып, жүрөккө, кан тамырларга оң таасирин тийгизери айтылган.
"Жакында эле кесиптештерибиз калемпирдин оозду куйкалап жиберген татымы туздун даамын күчөтөрүн билдирди. Биз муну текшерип да көрдүк", — деп айтып берген Кытайдын үчүнчү аскерий-медициналык университетинин окумуштуусу Чжимин Чжу.
Чжу жана анын кесиптештери ачуу тамак жеп турганга макул болгон 600гө чукул адамга байкоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында кызыктуу эки жагдайга күбө болушкан. Оозду куйкалап кеткен тамактарды ичкендердин кан басымы төмөндөгөн. Экинчиси — бул учурда алар тузду аз пайдаланып калышкан.