"Сынган" аквариум кишини жүрөк оорулуу кылып коё жаздады

Жазылуу
Интернетке музейге барып "аквариумду" карап жаткан киши, айнекке келип урунган акуладан жүрөгү түшүп жерге отуруп калган видеосу чыкты.

Mashable маалымат сайты жазгандай, музейди кыдырып жүргөн киши "Эгер өзүңө ишенсең гана колуң менен тийсең болот" деген жазуусу бар экранга кызыгып калган. Жаран эскертүүгө карабастан экранды колу менен чапкылаган. Алгач эч нерсе болгон эмес, бирок күтүүсүздөн акула келип айнекке урунганда киши коркконунан жерге отуруп калган.

Адаттан тыш мындай экспонат Вашингтондогу тыңчылардын музейинде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0