Японияда өзгөчө сорттогу эки даана курма 4800 долларга сатылды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүСбор хурмы в Сочи
Сбор хурмы в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тэнкафубу" сортундагы курманы өстүрүү үчүн 11 жылдык убакыт талап кылынган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Японияда "тэнкафубу" сортундагы эки даана курма 540 миң иенге (болжол менен 4800 доллар) сатылды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Бишкекте жаңы үлгүдөгү AMG деп жазылган жеке унаа номери сатылды - Sputnik Кыргызстан
Жаңы үлгүдөгү жеке унаа номери 100 миң сомго сатылды
Мындай сорттогу курманын даамы укмуштуудай ширин болгон. Эгер жөнөкөй курмалардын курамында 15-16 градус шекер болсо, жогорку сортундагысында 18 градуска чейин жетет. Ал эми жогоруда аталган курманын курмындагы шекер 25 градусту түзөт. Ошондой эле ал япон алмурутуна окшогон катуу жана кырсылдак болуп жегенге аябай жагымдуу экени айтылат.

"Тэнкафубу" сортундагы курманы өстүрүү үчүн 11 жылдык убакыт талап кылынган. Алгачкы ирет өткөн жылы сатыкка чыгып 320 миң иенге (болжол менен 3000 миң доллар) сатылган. Бир данаа курманын салмагы 300 граммды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0