Трамп качкындар тууралуу жаңы кабыл алынган жарлыкка кол койду

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПрезидент США Дональд Трамп встретился с лидерами ЕС в Брюсселе
Президент США Дональд Трамп встретился с лидерами ЕС в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта качкындарды кабыл алууга 120 күн тыюу салуу өлкөнүн коопсуздугун сактай турганы белгиленген

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп качкындарды кабыл алуу боюнча жаңыланган жарлыкка кол койду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, качкындарды кабыл алууга 120 күн тыюу салуу боюнча мыйзамдын мөөнөтү 24-октябрда аяктады. Бул нерсе өлкө коопсуздугун күчөтүлгөн негизде сактоого өбөлгө болгону маалыматта айтылат.

"Мамлекеттик катчы, ички коопсуздук министри жана улуттук чалгындоонун директору качкындарды атайын түзүлгөн программа менен тандап, өлкөгө киргизүү АКШнын коопсуздугун чыңдайт деген корутундусун чыгарган. Ошондой эле алар бул программа жаңыланып айрым категориялар боюнча качкындарга карата атайын чаралар ишке ашып, өлкөнүн коопсуздугун сактоого өбөлгө болот", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле айрым өлкөлөрдөн тандалган качкындарга карата 90 күнгө созулган кошумча чектөөлөр киргизилет. Мурдараак администрация өкүлү мындай чектөөлөр 11 мамлекетке киргизилерин журналисттерге билдирген. Бирок алар кайсы өлкө экенин так айткан эмес. Ал мамлекеттердин жарандары кээ бир учурларда гана үч айлык чектөө менен АКШга киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0