Мьянмада тили үч килограмм болуп кеткен аюуга операция жасалды. Сүрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с микроблога Twitter канала MSN Singapore‏
Снимок с микроблога Twitter канала MSN Singapore‏ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринарлар жаныбарды текшерип чыгып, чиркейлер пилдерге жуктурчу ооруга чалдыгып калганын айтышты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Оорунун айынан тили үч килограммга жетип, жаны кыйналып жаткан аюуну Шотландия, Вьетнам жана Мьянманын ветеринарлары биргеликте сактап калышты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

​Мьянмада жашаган бул аюну Кытайга сатылып бараткан жеринен монахтар сактап калышкан.

Маалыматка караганда, өзгөчө дарты бар аюнун тили бир нече күндүн ичинде эле шишип отуруп, үч килограммга жетип кеткен. Мындан улам аюу баса албай калган.

​Ветеринарлар жаныбарды текшерип чыгып, чиркейлер пилдерге жуктурчу ооруга чалдыгып калганын айтышты.

Ошентип төрт саатка созулган операцияда аюнун тилинин ашыкча жери кесилип алынып, аман калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0