Окумуштуулар магниттик бороон бир нече айга созулаарын айтышты

© NASAВспышка на солнце
Вспышка на солнце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда Жердеги геомагниттик бороон 24-27-октябрь арасында, кийинкиси 6-7-ноябрда болору айтылды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ар бир эки жумада бирден кайталанып турган магниттик бороон Жердин үстүңкү катмарында айланып, бир нече айга чейин созулушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Илимдер Академиясынын физика институтунун Күн астрономиясынын рентгендик лабораториясынын маалыматына таянып кабарлады.

"Азырынча күндүн шамалынынын конфигурациясы өзгөрбөйт. Ал эми Жер аптасына эки ирет кайталанган магнит бороонунун ыргагында жашап турат", — деп айтылат институттун сайтында.

Вспышка на солнце - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу Ибрагимов: магниттик толкун уюлдук байланышка таасир этпейт
Аталган илимий жайдын кызматкерлери космос мейкиндигинде биздин жылдыздын каршы эки тарабында күн шамалынын эки тыгыз агымы байкалганын айтышты.

Маалыматтарда Жердеги геомагниттик бороон 24-27-октябрь арасында байкалып, эгерде беш баллдык шкала менен бааланса, эки баллдан ашпайт. Мындай бороондун саны жылына 60ка чейин болору айтылган. Ал эми келеркиси 6-7-ноябрь арасында кайталанары айтылып, шамалдын агымы октябрдагыга караганда катуурак болорун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0