Италия: тердин ордуна денесинен кан чыккан кыз дарыланууда

Жазылуу
Кыз мындай илдет менен үч жылдан бери жабыркагандыгын, алканы менен чекесинен тердин ордуна эмнеге кан чыккандыгын алигүчө билбей келгенин айтып берген

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Италиялык дарыгерлер алаканы менен чекеси тердегенде кан чыккан 21 жаштагы кызды ооруканага жаткырышты. Бул туурасында РИА Новости Canadian Medical Association Journal басылмасына таянып кабарлады.

​Кыз мындай илдет менен үч жылдан бери жабыркаганын, денесинен тердин ордуна эмнеге кан чыккандыгын алигүчө билбей келгенин айтып берген.

Ал мындай көрүнүш бир мүнөттөн беш мүнөткө чейин созуларын жана андан улам стресске кабылгандыгын белгилеген. Бул илдеттин айынан кыз элден четтеп, маанайы чөгүп калган.

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Дарыгерлер кыз гематидроз илдети менен жабыркайт деген тыянакка келишкен. Ал кан тер менен аралашып, андан кийин теринин тешикчелери аркылуу сыртка чыгарын, бул тамырлардын ичинен жабыркашына байланыштуу экенин айтышкан.

Медиктер кызга кан тамырларды бекемдеп жана стрессти азайта турган дары жазып берип, бирок илдетти толугу менен айыктыра алышкан эмес. Дарылоодон кийин кыздын колунан чыккан кан кадыресе азайып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0