Адамдар согушка караганда бузулган экологиядан көбүрөөк кырылат

© AFP / MARK RALSTON Маска кийген аял. Архив
Маска кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чылым чегүү, ачкачылык, жаратылыш кырсыктарына караганда бузулган экологиядан көп адам каза табат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Булганган айлана-чөйрө согушка салыштырмалуу 15 эсе көп адам өмүрүн алат. Бул тууралуу РИА Новости Lancet илимий журналына шилтеме кылып жазып чыкты. 

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Мельдонийди ойлоп тапкан окумуштуу аракка каршы дары чыгарды
Маалыматка ылайык, 2015-жылы булганган абанын жана жаратылыштын айынан жер бетинде тогуз миллиондой адам ооруп каза болгон. Бул жер бетинде көз жумгандардын 16 пайызын түзөт.

Окумуштуулар бул көрсөткүч СПИД, кургак учук, безгек ооруларынан каза болгондордон үч эсе жана согушта көз жумгандардан 15 эсе көп экендигин белгиледи.

Ошондой эле изилдөөчүлөр адам өмүрүнө забын болчу зыяндуу көрүнүштөрдүн катарында чылым чегүү, ачкачылык турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0