Египетте аялдын төрт миң жыл мурун жасалган жыгач эстелиги табылды

© Фото / Ministry of Antiquities of EgyptГолова статуи Анхнеспепи II
Голова статуи Анхнеспепи II - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял Саккарада Байыркы хандыктагы акыркы фараондордун биринин энеси болгону айтылат. Эстеликти байыркы египеттик усталар төрт миң жыл мурун жасашкан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Швейцария жана Франциянын археологдору Египетте чоң пирамидалардын биринен аялдын жыгач эстелигин табышты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аял Саккарада Байыркы хандыктагы акыркы фараондордун биринин энеси болгон. Эстеликти байыркы египеттик усталар төрт миң жыл мурун жасашкан. 

© Фото / Ministry of Antiquities of EgyptГолова статуи Анхнеспепи II
Голова статуи Анхнеспепи II - Sputnik Кыргызстан
Голова статуи Анхнеспепи II

"Биз бул эстеликти Анкхнеспеп IIнин пирамидасынын чыгыш бөлүгүнөн таптык. Бирок муну коомчулукка көрсөтөөр алдында кайра калыбына келтирип, жакшылап оңдоо керек", — деди эстеликти таап алган археологдордун бири Филипп Колломбер.

Азыр окумуштуулар Саккарада Байыркы Хандык эрасынын аягында курулган чоң пирамидалардын биринин башка сырларын ачуу үчүн кененирээк изилдөөгө алып, казышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0