50 жашында селкидей көрүнгөн айым: уулдарымды "жигитиңби?" деп сурашат

© SputnikЖительница Джакарты 50-летняя Пуспа Деви со своим сыном. Фото со страницы Instagram пользователя "puspadewihc"
Жительница Джакарты 50-летняя Пуспа Деви со своим сыном. Фото со страницы Instagram пользователя puspadewihc - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармак колдонуучулары аялдын 50 жылдык мааракесинен тартылган сүрөттөрдү көргөндөн кийин абдан таң калышкан

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жакартанын тургуну Пуспа Деви жаш курагын айтып социалдык тармак колдонуучуларын ойго салды. Уулдары менен тең көрүнгөн айым 50 жашка чыкканын The Daily Mail жазып чыкты.

Туулган күнүндө түшкөн сүрөттөрүн интернетке Пуспанын уулдары жарыялаган. Көпчүлүк жигиттер бир тууганын куттуктап жатат деп ойлоп, сүрөттөгү "селки" алардын энеси экенин укканда абдан таң калышкан.

Деви жаш көрүнүүгө ага жөпжөнөкөй эки ыкма жардам берерин жазган. Биринчиден, ал ар дайым күн нурунан сактоочу, анан терини кургатпаган кремдерди колдонуп келет. Мындан тышкары, туура тамактанып, ар убак дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт.

"Уулдарымды "жигитиңби?" деп көп сурашат. Буга көнүп деле калдым", — деген Пуспа.

Индонезиялык айым балдары болуп спорт менен активдүү машыгып, Instagram тармагында туура тамактануунун пайдалуулугу боюнча жарнамалык баракчаны иштетет.

"Blessed Beyond Measure" 🙏. #blessed #MamaHadi #MamaHadiAtFifty #photo01oct2017

Публикация от Puspa Dewi (@puspadewihc) Окт 4 2017 в 8:06 PDT

Пуспа пластикалык хирургия кызматынан эч качан пайдаланбаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0