Таиландда жынысын алмаштырам деп туристти тоногон жигит кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПаттайя шаары, Таиланд. Архив
Паттайя шаары, Таиланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчылар аны менен кошо Чувонгдун трансгендер кыз досу кылмышка катышкандыгын айтышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Таиланддын Паттайя шаарынын полициясы жынысын алмаштыруу максатында өлкөгө келген туристти тоногон деп 26 жаштагы трансвестит Сакд Чувонгду кармады. Бул туурасында РИА Новости The Bangkok Post басылмасына шилтеме кылып кабарлаган. 

Тартип сактоочулар аны менен кошо Чувонгдун трансгендер кыз досу уурулукка катышканын айтышкан.

Маалыматта алардын 10-октябрда барда россиялык турист менен таанышып, андан соң мейманканканага барып, турист мас болуп уктап калганда, акчасын, баалуу буюмдарын уурдап кетишкени айтылат.

"Алар жалпысы 120 доллар жана 250 миң рублдик алтын чынжырчаны олжологон деп шектелип жатат", — деп билдирген полиция.

Тоноочуларды байкоо салган камеранын жардамы менен кармашкан. Суракта Чувонг акчаны жынысын алмаштырам деген максатта уурдагандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0