БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россия Түндүк Кореяга каршы санкция киргизгенин РИА Новости жазды.
Президент Владимир Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата кабыл алынган резолюциясын аткаруу боюнча атайын Жарлыкка кол койду.
Анда мамлекет башчысы Түндүк Корея менен илимий-техникалык кызматташууну токтотууга буйрук бергени жазылган.
Түндүк Корея дүйнө коомчулугунун нааразылыгына карабай, өзүнүн өзөктүк програмаммасын өнүктүрүүну улантып келет.
Мындан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизген. Анда Пхеньяндын экспорт менен импортун чектөө айтылган.
№2375 резолюция БУУнун XXI кылымдагы эң катуу санцияларынын бирин киргизди.
Түндүк Корея термо өзөктүк куралдарды сынагандыгынан улам БУУнун Коопсуздук Кеңешинин киргизген катуу санкцияларына карабай, 15-сентябрда соңку ирет баллистикалык ракетаны кое берген. Ал Хоккайда аралдарынын үстүнөн учуп өтүп, Тынч океандын үстүнө кулаган. Ракетаны сынап жаткандыгы туурасында Пхеньян эч кимге эскерткен эмес.