Дубайда интернеттүү отургучтар пайда болду

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубай тартип сактоочулары "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында мындай отургучтарды дагы көбүрөөк жерге орнотууну пландап жаткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дубайдын полициясы алты участогунда күндүн кубаты менен иштеген "акылдуу" отургучтарды орнотту. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Дубайдын полициясы Facebook социалдык тармагындагы баракчасында күндүн кубаты менен иштеген батарея, телефондун кубаттандырган USB-порттору жана Wi-Fi менен камсыз кыла турган отургучтардын пайда болгонун кабарлаган.

​Отургучтар караңгыда жаркырап, ал эми ысык учурда салкын болуп турат. Аны менен катар эле элге полициянын мобилдик телефонундагы тиркемеси жана аба ырайы боюнча кабарлайт.

Дубай тартип сакчылары "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында мындай отургучтарды дагы көбүрөөк жерге орнотууну пландап жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0