00:59 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Jackson Kingsley Vincent

Бука моюн буура сан кенгуру интернетти дүң кылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
156910

Кенгуру өзүнүн көлөмү менен да интернет колдонуучуларды таң калтырды

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Көлөмү да чоң, булчуңдары да буржуйган кенгуру бир заматта интернетте жылдызга айланганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

​"Бодибилдер" кенгуруну фотограф Жексон Кингсли Винсет Австралиянын батыш тарабындагы Маргарет дарыясына түшүп жаткан жеринен тартып алган.

"Көлөмү да, булчуңдары да буржуйган кенгуруну итим менен суу бойлой сейилдеп жүргөндө көрүп калдым. Ал сууга киринип жатыптыр. Аны көргөндө жүрөгүм болк эте түштү", — деп Винсент Facebook баракчасына жазган.

Сүрөттү көргөндөр буга чейин мынчалык чоң кенгуруну көрбөгөнүн айтышып, ал кол салып жиберчүдөй абалда турганын жазышкан. Ал эми айрымдары кенгуру коркконунан сууга кире качкан болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышты.

Аталган сүрөттү биринчи күнү эле 2,4 миң киши жактырып, 6,5 миң жолу бөлүшүшкөн.

Тема боюнча

Австралияда эки кенгуру мушташа кетип, унаалар жолдон өтө албай калды. Видео
Белгилер:
кенгуру, интернет, Австралия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ