Окумуштуулар эркектерди жашарткан кызыктуу генди табышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский дом-интернат для престарелых
Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар АКШнын Юта штатындагы 1950-жылга чейин туулган 1,7 миллион адамдар жана алардын ата-теги боюнча чогулган маалыматтарды иликтеп көргөн

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Улуу Британиядагы Эдинбург университетинин окумуштуулары адам баласы эмне үчүн 50 жаштан өтүп жашай ала тургандыгын түшүндүрүп беришкен. Бул туурасында РИА Новости Phys.org сайтына таянып кабарлаган.

Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар европалыктарга окшош кыргыздардын көбөйүү себептерин айтышты
Адамдардын көбү репродуктивдүү курактан өткөндөн кийин көпкө чейин жашабайт деп жазылган. Анткен менен адамда анын абдан улгайганга чейин өмүр сүрүүсүнө жөндөмдүү кылган ген бар экен.

Окумуштуулар АКШнын Юта штатындагы 1950-жылга чейин туулган 1,7 миллион адамдар жана алардын ата-теги боюнча чогулган маалыматтарды иликтеп көргөн. Анда эркектерди жашыраак кылып кармап турган ген аныкталган. Ал эми аялдардан мындай генди таба алышкан эмес.

Буга чейин Бразилиядагы Риу-Гранди-ду-Сул университетинин окумуштуулары адамдын картайышын төшөк мамилеси кадимкидей жайлатаарын айткан. Изилдөөдө организм энергиясын зат алмашуу процесстерине жумшагандыктан, картаюу күчкө толуп турган жашоо менен узак жашоонун ортосундагы компромисс делет.

Адамдын алдуу-күчтүү болуп турушу үчүн ресурстар канчалык көп жумшалса, денедеги ткандар менен органдардын калыбына келиши үчүн ошончолук аз энергия калары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0