Норвегиялык экологдор Сахараны жашылдандырууну пландап жатат

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүСахара чөлү. Архив
Сахара чөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологдор күнөскана куруу үчүн кийинки жылы инвестор жана ылайыктуу жер табуу керек экендигин кошумчалашты

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Норвегиялык экологдор Сахара чөлүн деңиз суусу жана күн менен жашылдандырууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул үчүн "Сахаранын токой долбоору" аттуу компания түзүлгөн.

"Максаты — чөлдү деңиз суусу жана күндүн нуру менен жашылдандыруу. Азырынча бул жатта Иорданияда биринчи күнөскана ачтык. Алдыда Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө токой отургузуу үчүн бул технология сатылат деген үмүттөбүз", — деген норвегиялык эколог Bellona Нильс Бёмер (Nils Bøhmer).

Ал чөлгө күнөскана куруу үчүн кийинки жылы инвестор жана ылайыктуу жер табуу керек экендигин кошумчалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0