Порошенко менен маалымат жыйында отурган Эрдогандын көзү илинип кетти. Видео

© REUTERS / HANDOUTТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украина лидери Петр Порошенко менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украина лидери Петр Порошенко менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдогон дүйшөмбү күнү расмий сапары менен Киевге барып Петр Порошенко менен жолуккан

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украина лидери Петр Порошенко менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында үргүлөп отурду. Бул видеону Sputnik Түркия агенттиги Twitter баракчасына жарыялады. 

​Видеодон көрүнгөндөй Эрдоган Порошенко сүйлөп жатканда көзү илинип кеткен. Кесиптешинин абалын байкаган Украина лидери аны ойготуу үчүн колу менен столду чаап койгон.

Эрдогон дүйшөмбү күнү расмий сапары менен Киевге барып Петр Порошенко менен жолугушуу өткөргөн. Өлкө башчылары 2017–2019-жылдарга карата эки тараптуу мамилени өнүктүрүү боюнча планына кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0