ЖМК: Йемен Сауд Аравиясын көздөй баллистикалык ракета учурду

© REUTERS TIMAБаллистикалык ракета. Архив
Баллистикалык ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкалануулар жана жабырлангандар туурасында маалымат берилген эмес. Сауд Аравия бийлиги азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Йемендин аймагынан Сауд Аравиясын көздөй баллистикалык ракета учурулду. Бул туурасында РИА Новости ирандык Press TV телеканалынын Twitter баракчасындагы маалыматка таянып кабарлады. 

Анда ракета өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы Жизан аймагын мелжегени айтылган. Талкалануулар жана жабырлангандар туурасында маалымат берилген эмес. Сауд Аравия бийлиги азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

База США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аба күчтөрү жаңылып Афганистанда жай тургундарды бомбалады
Маалыматта бул Сауд Аравиясынын аймагын атуу боюнча биринчи аракет эмес экени айтылган. Быйылкы жылдын июль айынан аяк ченинде Меккенин чет жакасынан Йеменден атылган ракетаны тосуп калышкан.

Араб полициясы бул үчүн шииттердин хусит козголоңчуларына жоопкерчиликти жүктөгөн жана "ажылыкты үзгүлтүккө учуратуу аракети" деп баалаган. Май айында абадан жасалган соккудан коргонуу кызматы Эр-Рияддын жанынан хуситтер тарабынан учурулган ракетаны атып түшүргөн.

Йеменде 2014-жылдан бери тирешүү уланып келет. Бир жагында шииттердин "Ансар Алла" кыймылынын козголоңчу хуситтери, экс-президент Али Абдалл Салехтин армиясы турат. Экинчи жээкте Абд Рабби Мансур Хадинин тарапташтары, өкмөттүк аскерлер, кошуундар. Буларга Сауд Аравиясы башында турган араб коалициясы абадан жана жерден колдоо көрсөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0