Кытайлык кыздар пластикалык операциядан кийин аэропорттон чыга албай калышты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТрое китаянок которых иммиграционные службы Южной Кореи не выпускают из страны. Фото со страницы Twitter @DailyMirror
Трое китаянок которых иммиграционные службы Южной Кореи не выпускают из страны. Фото со страницы Twitter @DailyMirror - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттери шишип, баштары бинт менен оролгон кыздардын аэропортто отурган сүрөтү социалдык тармактарда тарап кетти

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Түштүк Кореянын иммиграция кызматы кытайлык үч кызды мамлекеттен чыгарбай жатканын Daily Mirror басылмасы жазды.

​Билдирүүдө кытайлыктар Кореяга барып, беттерине пластикалык операция жасаткандан кийин паспорттогу сүрөттөрүнө таптакыр окшошпой калганы айтылат.

Операция ребенку в южном ливанском городе Сидон - Sputnik Кыргызстан
Америкада Кардашьянды туурап жамбашына операция жасаткан кыз каза болду
Социалдык тармактарда беттери шишип, баштары бинт менен оролгон кыздардын аэропортто отурган сүрөтү тарап кетти. Алар паспорттук көзөмөл пунктунда кармалган.

Басылманын жазганына караганда, кыздарды өз өлкөсүнө чыгардыбы же жокпу азырынча белгисиз.

Ушундай окуяга "куурчак адам" деген каймана ат менен таанымал бразилиялык Родриго Алвес дагы кабылган. Аны Дубай аэропортунун кызматкерлери өзүнүн паспортун көрсөтүп жаканына ишенбей, үч саатча кармап турушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0