БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кытайда акыркы беш жыл ичинде ири коррупцияга тиешеси бар делип 1,3 милиионго чукул партиялык кызматкер жазаланган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаза алгандардын 648 миңден ашыгы төмөнкү рангдагы аткаминерлер болгон.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, акыркы беш жыл ичинде өлкө боюнча 155 миң партиялык уюм текшерилген. Мындан сырткары, комиссия аткаминерлердин катыштыгы бар деген 65 миңден ашык коррупциялык ишти иликтөөгө сотко өткөрүп берген.
Кытайда коррупцияга каршы күрөш өлкөнүн азыркы лидери Си Цзиньпиндин Коммунисттик партияга башкы катчы жана өлкөгө жетекчи болуп келгенде башталган.