Мэрилин Монронун жылаңач сүрөтү аукционго коюлат

© AP PhotoАмериканская актриса, певица, модель Мэрилин Монро (Норма Джин Бейкер Мортенсон)
Американская актриса, певица, модель Мэрилин Монро (Норма Джин Бейкер Мортенсон) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айында Монронун Cosmopolitan журналы үчүн жасаган акыркы фотосессиясындагы сүрөттөр сатылары кабарланган

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Айтылуу Мэрилин Монронун жылаңач сүрөттөрү аукционго коюларын Daily Mail басылмасына шилтеме берип, Sputnik Беларусь агенттиги жазды. 

Сүрөт 1962-жылы Лоуренс Шиллер тарабынан тартылган. Ушул эле жылы актриса көз жумган болчу.

Баштапкы баасы 25 миң доллар деп бааланып жаткан сүрөттөрдүн баасы жок эле дегенде дагы 10 миң долларга өсөөрү айтылды.

Америкалык актриса Мэрилин Монронун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
АКШда Мэрилин Монро көз жумган үй 7,25 млн. долларга сатылды
Сатып алам дегендер Монронун жылаңач сүрөттөрүн Heritage Auctions аукцион үйүнүн расмий сайтынан көрө алышат.

Актрисанын сүрөттөрү акыркы он жылдыкта биринчи жолу аукционго коюлуп жаткан жок.

Мисалы, 2008-жылы Christie"s аукционунда Монронун 36 сүрөтү 146 миң долларга сатылган.

Ал эми ушул жылдын август айында Монронун Cosmopolitan журналы үчүн жасаган акыркы фотосессиясындагы сүрөттөр сатылары кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0